«Бишкекгаз» газ кызматы орто басымдагы жер алдындагы газ куурундагы жумуштарга байланыштуу 5-августтан 7-августка чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта көгүлтүр отту берүү токтотулганын кабарлайт:

Лермонтов, Темир жол, Ленин, Калинин көчөлөрү, Жибек Жолу проспектиси, ЧЧК, «Энергетиктер шаарчасы», «Аламүдүн-1» кичи району, «Куруучулар шаарчасы», «Учкун» кичи району, АГНКС, «Бишкек Сүт».

«Бишкекгаз» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди табигый газ өчүрүлгөн мезгилде альтернативдүү энергия булактарына өтүүгө чакырат. Жумуштар газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.