Жыйында эл аралык иш-чаранын жалпы программасы, маданий, спорттук жана илимий программалар, ошондой эле оюндарды жабуу салтанатынын концепциясы каралды.

Өзгөчө көңүл транспорттук логистика жана катышуучуларды жайгаштыруу, аккредитациялоо, медициналык жана санитардык-эпидемиологиялык камсыздоо, ошондой эле «Кырчын» этно шаарчасы, Көчмөндөр цивилизациясы борбору, «Рух-Ордо», ипподром жана спорттук аянтчалар сыяктуу негизги объектилердин даярдыгы маселелерине бурулду.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга даярдык иш-чараларын аяктоо боюнча ишти күчөтүү тапшырылды.