Фото Агартуу министрлиги. Кыргызстандык окуучулары информатика боюнча олимпиадада байгелүү орундарга ээ болду

Олимпиадага 97 өлкөдөн 379 окуучу катышты.

Кыргызстандын атынан төрт катышуучу чыкты:

Рамазан Мананов, «Ambassador International School» эл аралык мектеби;

Алихан Айдарбеков, «Ambassador International School» эл аралык мектеби;

Абдуллахан Абдирасулов, «Ambassador International School» эл аралык мектеби;

Ян Бобрус, «Газпром Кыргызстан» мектеби.

Кыргызстандын курама командасы 100 пайыздык медалдык жыйынчык көрсөтүп, эки күмүш жана эки коло медалга ээ болду.

Командалык эсепте Кыргызстан 97 өлкөнүн ичинен 20-орунду ээледи. Агартуу министрлиги бул өлкөнүн IOI олимпиадасына катышуу тарыхындагы эң мыкты командалык жыйынчык экенин белгиледи.