Уюмдун маалыматы боюнча, өлкө боюнча вирустан ар бир 30 мүнөттө бир адам каза болууда.

Эл аралык донорлор эпидемияга каршы күрөшүүгө дээрлик 300 миллион доллар бөлүштү.

Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча борбордук фонддон дагы 30,5 миллион доллар бөлүү чечими кабыл алынды. Бул буга чейин эпидемия менен күрөшүү үчүн КДРге жана ага чектеш төрт өлкөгө багытталган 24 миллион долларга кошумча болуп саналат.

БУУнун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Бундибуджио вирусу жайыла баштагандан бери дээрлик үч ай өткөндөн кийин, оорунун очогу КДРдин алты провинциясында катталды. Улуттук бийликтин 12-августтагы маалыматына караганда, оорунун 4 миң 660тан ашык ырасталган учуру жана 2 миң 184 өлүм учуру катталган.

Өлүмгө дуушар кылуу көрсөткүчү дээрлик 47 пайызды түзөт.