Биринчи соттук отурум 20-августка дайындалды.
Мавлян Аскарбековго Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси («Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык калыстыкты козутуу») боюнча айып тагылууда. Анын адвокаты Эрик Ирискулбековдун айтымында, кылмыш ишин козгоого активдүү адамдын Facebook социалдык тармагындагы билдирүүлөрүнө жүргүзүлгөн лингвистикалык экспертизанын корутундусу негиз болгон.
Аскарбековду 12-июнда УКМК кызматкерлери кармашкан. Кийинки күнү Бишкек шаарынын Ленин райондук соту аны камакка алуу бөгөт чарасын тандап, УКМКнын тергөө изоляторуна киргизген.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий