Ал Чанач-Сайды кеңейтүү каралганын белгиледи.
«Учурдагы 2 миллион кубометрдик сыйымдуулук жаңы долбоор ишке ашкандан кийин 8,14 миллион кубометрге чейин жеткирилет. Натыйжада азыркы учурда 3 миң гектарды түзгөн сугат жер аянты 5 миң гектардан ашат», — деди Төрөбаев.
Ал президент тарабынан 2030-жылга чейин 106 суу сактагыч куруу милдети коюлганын эскертти. Учурда алардын 12си курулуп жатат, ал эми дагы 29 долбоор даярдалуу баскычында турат.
Бакыт Төрөбаевдин айтымында, негизги максат — суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, сугат аянттарын кеңейтүү жана азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий