Жер астындагы силкинүү саат 6.22де катталган. Жер титирөөнүн очогу эки өлкөнүн чек арасында — Ачык-Суу айылынан түштүктү карай 15 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышты карай 137 чакырым алыстыкта жайгашканы белгиленет.
Жер титирөөнүн күчү Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чукул болгон.
Адистер ошондой эле кечээ саат 23.09да Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында да күчү 3 баллга чукул сейсмикалык активдүүлүктү катташкан.
Кыргызстандын калктуу конуштарында бул жер титирөө сезилген эмес.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий