Кадрларда спортчу Сары-Челекке жакын жайгашкан Кара-Камыш көлүнүн жээгинде ат минип жүргөнүн көрүүгө болот.

Ал жаратылышка суктанып: «Абдан кооз экен», — деп комментарий берди.

Эске салсак, буга чейин Дмитрий Бивол Ысык-Көлгө келип, F1H2O суу-мотордук спорту боюнча дүйнө чемпионатынын этабына катышкан. Ал мелдештин расмий амбассадору катары чыккан.