Анын маалыматы боюнча, 2026-жылы түздөн-түз Агартуу министрлигине 76 миллиард сомго жакын каражат бөлүнгөн. Мүлк жана каражаттар мугалимдердин айлык акысына жана билим берүү мекемелерин багууга багытталууда.
Мындан тышкары, быйыл педагогдорго ноутбуктарды сатып алууга 715 миллион сом каралган. Акыркы эки жылда аларга 49 миң ноутбук берилген.
Министрдин орун басары билдиргендей, кошумча техника Ислам өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоордун каражатына сатылып алынат. Жыл сайын мектептерди компьютерлер менен камсыздоого 50 миллион сомго жакын каражат бөлүнөт.
Муктарбек Баймурзаев Дүйнөлүк банк менен биргелешкен долбоордун алкагында өлкөнүн бардык мектептери интернетке туташтырылганын кошумчалады. Министрлик ай сайын байланыш кызматтарын төлөөгө каражат бөлүп турат.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий