Балдарды узатууга эмгек министринин орун басары Камчыбек Досматов, Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Миграция жана адам сатууга каршы аракеттенүү боюнча кеңештин катчылыгынын жетекчиси Улан Ногойбаев жана «Инсан-Лейлек» коомдук фондунун директору Гүльнара Дербишева келишти.

Уюштуруучулар балдарга жакшы эс алуу, жаңы досторду табууну жана жаркын таасирлерди каалап, Кыргызстан ар дайым алардын ата мекени болуп кала берерин белгилешти. Демилге чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктардын балдарынын ата мекени менен байланышын чыңдоого, улуттук идентичтүүлүктү сактоого жана өлкөнүн маданияты, каада-салты, тарыхы менен тааныштырууга багытталган.

Программанын алкагында балдар VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары учурунда өткөрүлүүчү маданий жана этнографиялык иш-чараларга катышат.