Токой кызмат менен бирге Жаратылыш ресурстары министрлигине анын кызматкерлери, каржылоосу жана материалдык-техникалык базасы өткөрүлүп берилет.
Эми министрлик токойлорду сактоо, калыбына келтирүү жана пайдалануу үчүн жооптуу болот.
Анын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр да кирет:
токойлордун мониторинги жана инвентаризациясы;
бак-дарактарды кыюуга жана токойду башкача пайдаланууга уруксат кагаздарын берүү;
токойлорду өрттөн, мыйзамсыз кыюулардан, зыянкечтерден жана оорулардан коргоо;
Кайра уюштуруудан кийин Жаратылыш ресурстары министрлигинин чектелген штаттык саны 2 миң 136 бирдикти, ал эми ӨКМдики — 5 миң 122 бирдикти түзөт. Бул сандарга борбордук аппараттар, аймактык жана ведомстволук түзүмдөр кирет.
Эскерте кетсек, буга чейин Токой кызматы Айыл чарба министрлигинин карамагында болчу. 2024-жылдын мартында ал ӨКМге өткөрүлүп берилген.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын июнь айында Жогорку Кеңештин депутаттары Токой кызматын кайрадан ӨКМдин түзүмүнөн чыгарууну сунушташкан. Алар ӨКМге өзгөчө кырдаалдар менен да, токой чарбасын өнүктүрүү менен да бир убакта алектенүү татаал экенин белгилешкен. Өзүнчө агенттик түзүү да талкууланган, бирок жыйынтыгында кызмат Жаратылыш ресурстары министрлигине өткөрүлдү.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий