- Урмат Абдукаимов назначен главным тренером национальной сборной Кыргызстана по футболу.
- Решение принято на заседании исполкома Кыргызского футбольного союза.
- Абдукаимов сменил на этом посту Роберта Просинечки.
- Перед новым тренером поставлена задача подготовить сборную к международным соревнованиям, включая Кубок Азии 2027 года.
- Абдукаимов имеет лицензию AFC категории 'А' и ранее тренировал олимпийскую сборную U-23 и клуб 'Талант'.
Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим аткаруу комитетинин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды.
Абдукаимов бул кызматка Роберт Просинечкинин ордуна келди. Жаңы башкы машыктыруучуга улуттук кураманы алдыдагы эл аралык мелдештерге, анын ичинде 2027-жылкы Азия кубогуна даярдоо милдети жүктөлөт.
Фото Интернеттен алынды. Урмат Абдукаимов
Урмат Абдукаимов Азия футбол конфедерациясынын «А» категориясындагы машыктыруучулук лицензиясына ээ. Буга чейин ал Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курама командасын жана Жогорку Лиганын «Талант» клубун жетектеген.
Ошондой эле ал Кыргыз футбол биримдигинин машыктыруучуларды даярдоо курстарында жана семинарларында инструктор катары иш алып барып келет.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий