Алты ай ичинде Фондко «Кумтөр Голд Компаниден» 810,6 миллион сом жана кирешелүү долбоорлордон дагы 125,2 миллион сом келип түшкөн. Биринчи жарым жылдыкка каржылоо планы 1,438 миллиард сомду түзүп, анын аткарылышы 95,4 пайызга жетти.

15 долбоорго үлүштүк катышууну каржылоого жана атайын техникаларды лизингге сатып алууга 31,9 миллион сом багытталды. Ошондой эле пайызы жок кайтарымдуу жардамдын экинчи траншы катары 21 ишкерге 104,4 миллион сом берилди.

Каржыланган долбоорлордун арасында Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылындагы глэмпинг-лагерь бар. Ишкерге 5 миллион сом пайызы жок кайтарымдуу жардам бөлүнүп берилген. Бул каражатка курулуш материалдары менен жабдуулар сатып алынып, туристтер үчүн эс алуу орду уюштурулган.

Экинчи долбоор — Ак-Суу районундагы заманбап тигүү цехи. Аны ачуу үчүн ишкер 4,5 миллион сом пайызы жок кайтарымдуу жардам алган. Учурда цехте 10 киши эмгектенүүдө.

Фонддон белгилешкендей, жаңы долбоорлорду каржылоого түшкөн кайрылуулардын саны 2026-жылга каралган болжолдуу каражаттын көлөмүнөн ашып түшүүдө.

Эске салсак, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 1997-жылы түзүлгөн. Келишимге ылайык, «Кумтөр Голд Компани» дүң кирешесинин 1 пайызын фондго которуп турат. Каражаттар аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, анын ичинде социалдык объекттерди курууга жана оңдоого, туризмди жана инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле ишкердик долбоорлорду колдоого багытталат.