Маалыматка ылайык, конференцияга катышуу үчүн 5 континенттеги 12 өлкөнүн өкүлдөрү билдирме жөнөтүшүп, конференция япон тилинде өттү.

Конференцияны ассоциациянын төрайымы Жийдегүл Мамашева ачып, андан соң Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Рюити Хирано саламдашуу сөзү менен чыгып сүйлөдү.

Ал эми АКШнын Теннесси штатындагы Вандербильт университетинин улук окутуучусу Хидэко Симидзу

«Япон тилин орто деңгээлде үйрөнүүчүлөргө иероглифтердин маанисин жана япон маданиятын түшүнүүгө жардам берүү максатында тамак-аш маданиятынын контекстинде иероглифтерди үйрөнүү»

деген темадагы негизги лекцияны тартуулады.

Мындан тышкары Монголия мамлекеттик педагогикалык университетинин окутуучусу Бурмаа Дагданбазар, Кыргызстандын Ош япон борборунун жетекчиси Жийдегүл Мамашева баяндама жасады.

Токио эл аралык университетинин мурдагы профессору Ёсико Кавамура «Студенттердин көз карашы боюнча «Жөнөкөй япон тили»» деген темада чыгып сүйлөп, колдонулган лексиканы жана грамматиканы жасалма интеллект менен атайын иштелип чыккан программалык камсыздоонун жардамы аркылуу жөнөкөйлөтүүнүн варианттарын көрсөттү. Кыргыз эл аралык генийлер мектебинин мугалими Жылдыз Сарыбаева башталгыч класстарда япон тилин окутуудагы инновациялар тууралуу айтып берди.

Конференциянын соңунда Япониянын мамлекеттик япон тили жана лингвистика институтунун илимий кызматкери, теги индиялык Арун Шям өзү көп жылдардан бери алып барып жаткан «Дүйнө жана мен» аттуу бүкүл дүйнөлүк онлайн сүйлөшүү форуму тууралуу айтып берди.

Конференция жандуу баарлашуу кырдаалында өтүп, ар бир баяндамадан кийин көптөгөн суроолор берилип, кезектеги тыныгууда да дискуссиялар улантылды. Ал эми жыйынтыктоочу сөз менен уюштуруу комитетинин төрайымы Галина Воробьева чыгып, баяндамалардын темаларынын ар түрдүүлүгүн жана онлайн-конференцияга ар кайсы өлкөлөрдөн угуучулар катышканын белгиледи.