Кырчын жайлоосунда өтө турган маданий жана спорттук иш-чараларга, ошондой эле Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборуна кирүү акысыз;

Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда, «Дордой Номад» амфитеатрында жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтө турган маданий иш-чараларга билеттин баасы 500 сомду түзөт;

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземине билеттер орундардын категориясына жараша төмөнкү бааларда сатылат:

борбордук жашыл сектордогу орундар — 4 000 сом;

ак сектордогу стандарттык орундар — 3 000 сом;

кызыл сектордогу стандарттык орундар — 2 000 сом;

сары сектордогу эконом орундар — 1 000 сом;

көк сектордогу эконом орундар — 500 сом.

Чолпон-Ата шаарындагы ат майдандын жанында жайгашкан жаңы Кичи аренада өтө турган көк бөрү боюнча финалдык оюндарга билеттин баасы 1 000 сомду түзөт.

Акы төлөнүүчү иш-чараларга билеттерди NEBS.GOV.KG Улуттук электрондук билет системасы аркылуу онлайн, ошондой эле расмий кассалардан офлайн сатып алууга болот.

«Бишкек аренага» шаардын ар кайсы райондорунда жайгашкан 21 жерден атайын шаттл-автобустар каттайт.

Бишкек шаарынын мэриясынын транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасы департаменти тарабынан 300 кичи автобус шаар тургундарын жана конокторун Кырчын жайлоосуна акысыз жеткирет.