Бишкектин айрым көчөлөрүндө 2 күн газ болбойт.

«Бишкекгаз» кызматынан билдиришкендей, жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 26-27-август күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

Ильменск көчөсү, Дэн Сяопин проспектиси, Карульск тар көчөсү, Якутск көчөсү, Каракум көчөсү.

«Бишкекгаз» кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.