- Более 15 тысяч сотрудников милиции будут привлечены для обеспечения безопасности во время саммита ШОС и открытия VI Всемирных игр кочевников в Бишкеке.
- Сотрудники будут дежурить на объектах проведения мероприятий, маршрутах делегаций, центральных улицах и площадях, а также в местах массового скопления людей.
- Проводятся дополнительные инструктажи, уточняется расстановка сил, отрабатывается взаимодействие с другими госорганами.
- Жителей и гостей столицы просят с пониманием отнестись к временным ограничениям движения и изменению привычных маршрутов.
Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) маалыматы боюнча, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 15 миңден ашык милиция кызматкери тартылат.
Алар иш-чаралар өтүүчү объекттерде, расмий делегациялардын жүрүү маршруттарында, борбордук көчөлөрдө жана аянттарда, ошондой эле эл көп чогулган жерлерде нөөмөттө болушат. Иш-чараларды алдын алууга, жол кыймылынын коопсуздугуна жана мүмкүн болгон окуяларга ыкчам чара көрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.
Даярдыктын алкагында өздүк курам кошумча инструктаждан өтүүдө. Күчтөрдүн жайгашуусу такталып, милиция бөлүмдөрү менен башка мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүү иштелип чыгууда.
Борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан жол кыймылындагы убактылуу чектөөлөргө жана көнүмүш маршруттардын өзгөрүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну, сапарларды алдын ала пландаштырууну жана милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын аткарууну өтүнүшөт.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий