Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы тарабынан эс алуу жайынын эскиздик долбоору иштелип чыкты. Анда балдар ойноочу жана спорттук аянтчаларды, воркаут, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларды, унаа токтотуучу жайды жана жашыл аймактарды уюштуруу каралган.

Ошондой эле аймакка отургучтар, таштанды урналары жана энергия үнөмдөөчү көчө жарыктары орнотулуп, бак-дарактар отургузулат.

Учурда долбоор мындан аркы кароо үчүн Бишкек мэриясынын райондук администрациясына өткөрүлүп берилди.