Курулуш иштерине байланыштуу Нарындагы айланма жол 20-июнга чейин жабылды
Нарын шаарында курулуш иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу Жаңы-Жол айланма жолундагы каттамдар убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.