Ош драма театры аншлаг менен өткөн «Күнөө» спектакли менен сезонду жапты
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры Магжан Жумабаевдин чыгармасынын негизинде сахналаштырылган «Күнөө» спектаклинин бет ачарын өткөрүп, аны менен 54-театралдык сезонун жыйынтыктады. Бул тууралуу театрдан билдиришти.