Чубак ажы Жалиловго «Эл Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды
Бүгүн, 21-майда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын экс-муфтийи, маркум Чубак ажы Жалиловго «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.