Кыргыз жараны Анкарада кармалган: Акыйкатчы түркиялык кесиптешине кат жолдоду
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Түркиянын башкы омбудсмени Мехмет Акаржага Анкара шаарында кармалган кыргыз жараны Эрмек Сабыржановдун укуктарын коргоо боюнча расмий кат жолдоду. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.