Эбола эпидемиясы: Конгодо 970ке чукул киши каза болду
Демократиялык Конго Республикасынын бийлиги Эбола ысытмасынын 2 миң 423 тастыкталган учурун каттады. Соңку маалыматтар боюнча, 967 киши каза болуп, 469 бейтап сакайып чыкты. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.