Фото Архивден алынды. Бишкек — Балыкчы поюзу күн сайын каттай баштайт
№ 608/609 жүргүнчү ташуучу поюзу «Бишкек-2» станциясынан саат 8:06да жөнөп, Балыкчыга 12:12де барары көрсөтүлгөн. Андан соң курам «Балыкчы пляж» аялдамасына чейин саат 12:37де жетет.
Бери карай поюз саат 18:40та жөнөп, «Бишкек-2» станциясына 23:11де келет. Жолдо Кант, Ивановка, Токмок жана Кемин шаарларында бекеттерине аялдамалар каралган.
Жогорку туристтик сезондун башталышына байланыштуу, 26-июндан 13-сентябрга чейин поюз күн сайын каттайт.
Курамда стандарттан тартып VIP-класска чейинки ар кандай категориядагы 16га чейинки вагондор каралган. Билеттердин баасы вагондун классына жана төлөм ыкмасына жараша болот: накталай эмес эсептешүүдө жол кире арзаныраак.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий