Акыйкатчы Караколдогу майыптыгы бар адамдардын үйүн оңдоону суранды
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ысык-Көл облусунун жергиликтүү бийлик органдарын майыптыгы бар адамдардын укуктарын камсыздоого, инклюзивдүүлүк үчүн шарттарды түзүүгө жана Каракол шаарындагы майыптыгы бар жарандар жашаган авариялык абалдагы үйдү оңдоого чакырды. Бул тууралуу Акыйкачылык институнунан билдирди.