- Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева призвала местные власти отремонтировать аварийный дом для инвалидов в Караколе
- В доме 1979 года постройки протекает крыша, стены покрыты плесенью
- 48 человек работают на учебно-производственном предприятии, из них 31 с инвалидностью
- Жители жалуются на отсутствие звуковых светофоров и пандусов, отказ таксистов перевозить инвалидов
- Отсутствие сурдопереводчиков в госорганах, судах и медучреждениях
Акыйкатчы Институтунун Ысык-Көл облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Азиз жана дүлөйлөр коомунун Караколдогу окуу-өндүрүштүк кыргыз ишканасында мониторинг жүргүзүштү.
Текшерүү учурунда ишкананын кызматкерлери алар жашаган үйдүн шарттарына нараазычылыгын билдиришти.
Тургундардын айтымында, алар Каракол шаардык мэриясына жыл сайын үйдү оңдоп берүү өтүнүчү менен кайрылышат, бирок маселе чечилбей келет. Өздөрүнүн акчасы жоктугунан улам, турак жайын оңдой албай же башка жакка көчө албай, кооптуу шарттарда жашоого аргасыз болушууда.
Тогуз батирлүү, эки кабаттуу үй 1979-жылы курулган. Буга чейин ал Азиз жана дүлөйлөр коомунун балансында болгон.
Мониторингдин жүрүшүндө үйдүн чатырынын авариялык абалда экени аныкталды. Жаан-чачын учурунда чатырдан суу өтөт. Мындан тышкары, батирдин дубалдары көгөрүп кеткен.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева жергиликтүү бийлик органдарын үйдү капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, анын тургундарына коопсуз жашоо шарттарын камсыздоого чакырат.
Бүгүнкү күндө Азиз жана дүлөйлөр коомунун Караколдогу окуу-өндүрүштүк ишканасында 48 адам эмгектенет, анын 31инин майыптыгы бар.
Мониторинг учурунда майып адамдар шаар инфраструктурасынын жана коомдук транспортту колдоно албай жаткандыгына даттанышты.
Тактап айтканда, Каракол шаарынын көчөлөрүндө үн чыгаруучу светофорлор жана жөө адамдар өтүүчү тилкеде атайын эскертүү белгилери жок.
Майыптыгы бар шаар тургундары таксилердин айдоочулары аларды ташуудан көп учурда баш тартышарын айтышты.
Угуусу начар адамдар ички иштер органдарында, соттордо жана медициналык мекемелерде сурдокотормочулардын жоктугун билдиришти.
Ушундан улам алар сот адилеттигин, медициналык жардам жана башка мамлекеттик кызматтарды толук колдоно алышпайт.
Мониторингдин жыйынтыгында Акыйкатчы Ысык-Көл облусунун Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнө аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча чара көрүүнү өтүнүп, сунуштама жөнөттү.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий