Кыргызстанда эми электрондук капчыктагы акчаны мураска калтырууга болот
Президент Садыр Жапаров «Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.
Президент Садыр Жапаров «Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамга кол койду.
Кыргызстанда АЭС куруу маселеси калк менен бирге чечилет. Бул тууралуу бүгүн 24.kg агенттигинин суроосуна жооп берип жатып энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.
Бүгүнтөн баштап 3 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү мамлекеттик жөлөк пул — «Бала ырысы» боюнча арыздарды кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн өткөн брифингде билдирди.
Кыргызстанда жайкы электр энергиясын керектөөнүн рекорддук көрсөткүчү катталды. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын маалыматы боюнча 29-июнда өлкөнүн энергетикалык тутумунда суткалык электр энергиясын керектөө 47 миллион 112 миң киловатт-саатка жетти.
Министрлер кабинети «2030-жылга чейин Кыргызстандын чакан жана орто ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтом кабыл алды.
Кыргызстанда лизинг компаниялары үчүн жаңы эрежелер киргизилди. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тиешелүү токтомго кол койду.
2026-жылдын башынан бери Кыргызстанда 240тан ашык сел агымы катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Акылбек Мазарипов билдирди.
Кыргызстанда президентин шайлоо 27-январда өтүшү керек деп билдирди бүгүн Жогорку Кеңештинин жыйынында парламенттин спикери Марлен Маматалиев.
11-июлда Чоң-Кеминдин Шабдан айылындагы ипподромдо ак илбирсти коргоого арналган «Ак илбирс экофест Чоң-Кемин 2026» фестивалы өтөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттары дагы креативдүү секторду салыктан бошотуу тууралуу президенттин жарлыгында каралган жеңилдиктерден пайдалана алышат.
Кыргызстанда ВИЧ менен катталган жарандардын саны 15 миңге чукулдады. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Кыргызстанда кафе жана ресторандардан түшкөн салыктардын көлөмү 60 пайызга өстү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
2025-2026-окуу жылынын жыйынтыгы менен жалпы билим берүү уюмдарынын 9 жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билим берүү документтери 26-июнда саат 09:00дө тапшырылат.
Кыргызстанда боорду алмаштыруу боюнча алты операция жасалды. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште «Ала-Тоо» депутаттык тобунун мүчөлөрүнө саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакыт Кадыралиев билдирди.
Кыргызстанда расмий түрдө аутизм менен жабыркаган 380 бала каттоодо турат. Бирок бул маалыматтар реалдуу абалды чагылдырбай калышы мүмкүн. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бакытбек Кадыралиев «Ала-Тоо» депутаттык тобунун жыйынында билдирди.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги өлкөдөгү сейрек кездешүүчү жана баалуу өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн пайдаланууга киргизилген мораторий дагы эле күчүндө экенин эскертти.
«Нарын облусунун Кочкор районундагы Кум-Дөбө айыл аймагынын деңиз деңгээлинен 4 миң 234 метр бийиктикте жайгашкан тоо чокусуна «Ормон Хан» географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Кыргызстанда соңку эки жылдын ичинде 167 адам сууга чөгүп каза болду. Мындай маалыматты «24.kg» агенттигине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кайрадан жогорулады. 9-июнга карата бензин жана дизелдик отундун наркы орто эсеп менен литрине 1 сомго кымбаттады.