Бүгүн Бишкекте Тажикстандын сүрөт өнөрү көрсөтүлөт
Бүгүн, 19-майда саат 10:00дө Кыргыз Республикасында өтүп жаткан Тажикстан Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагында «Тажикстандын сулуулугу — келечек үчүн мурас» аттуу сүрөт көргөзмөсү ачылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.