Фото Маданият министрлиги. Кыргызстандын маданият министринин жаңы орун басары дайындалды

Бул кызматты буга чейин Марат Тагаев ээлеп келгени, ал кийинчерээк Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү болуп дайындалганы белгиленет.

Салкын Сарногоева жаңы дайындоого чейин Маданият министрлигинин Маалыматтык саясат башкармалыгын жетектеп келген. Ал 1974-жылдын 29-декабрында туулган. 2015-жылдын февралынан 2019-жылдын июлуна чейин Маданият министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директорунун орун басары болуп иштеген, ал эми 2019-жылдын 28-июнунда аталган департаменттин директору болуп дайындалган.