Адылбек Касымалиев белгилегендей, алдын ала баалоолор боюнча, 2026-жылдын жети айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын дүң ички продукциясынын көлөмү 1 триллион 172,7 миллиард сомго жетип, 11,1 пайыз деңгээлинде жогорку реалдуу өсүү темпин көрсөттү.

Экономикалык жогорулоого бардык негизги секторлор оң салымын кошту: курулуш сектору эң чоң өсүштү көрсөтүп — 60,6 пайызга, кызмат көрсөтүү чөйрөсү 6,1 пайызга, айыл чарбасы 6 пайызга өстү.

Өнөр жай тармагындагы жалпы өсүш 11,2 пайызды түздү. Тармактар боюнча төмөнкүдөй жыйынтыктар катталды:

химиялык продукцияларды өндүрүү 2,9 эсеге көбөйдү;

тазаланган мунай продуктыларын өндүрүү 1,8 эсеге өстү;

транспорт каражаттарын өндүрүү — 41,8 пайызга;

курулуш материалдарын өндүрүү — 33,6 пайызга;

пайдалуу кендерди казып алуу көлөмү — 16,9 пайызга;

фармацевтикалык продукцияны өндүрүү — 13 пайызга;

негизги металлдарды өндүрүү — 8,5 пайызга;

тамак-аш азыктарын өндүрүү — 2,4 пайызга.

Минкаб башчысы бул экономикалык динамиканы абдан жогору жана позитивдүү деп атады.

Ал кошумчалагандай, 2026-жылдын башынан бери республикада негизги капиталга салынган инвестициялардын рекорддук өсүү темпи катталган. Алардын жалпы көлөмү 238,3 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 58,8 пайызга өскөн. Негизги капиталга инвестициялардын көлөмүнүн өсүшү ички (1,4 эсеге) да, тышкы (3,1 эсеге) да каржылоо булактарынын эсебинен камсыздалды.

Кеңешменин жүрүшүндө чакан жана орто бизнеске ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Маалым болгондой, Министрлер кабинети ата мекендик ишкерлер үчүн мамлекеттик программалардын жана жеңилдетилген кредиттик долбоорлордун комплексин ишке ашырууда. Алынган чаралардын аркасында ЧОБ сектору жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөттү:

Алдын ала маалыматтарга караганда, 2025-жылы чакан жана орто бизнес тарабынан өндүрүлгөн дүң кошумча нарктын көлөмү 54,5 пайызга өсүп, 1 триллион 15 миллиард сомду түзгөн (2024-жылдагы 657,1 миллиард сомго каршы).

Ошентип, чакан жана орто бизнестин ИДПнын түзүмүндөгү үлүшү 51,4 пайызга жетип, 9,9 пайыздык пунктка өскөн (2024-жылы — 41,5 пайыз).

«Чакан жана орто ишканалардын саны 6,8 пайызга өсүп, 27,3 миңди түздү. Чакан жана орто бизнес менен жеке ишкердик чөйрөсүндө иштегендердин саны 6,8 пайызга көбөйүп, 643,8 миң адамга жетти», — деп баса белгиледи минкаб башчысы.