Быйыл Кыргызстанда 3 миңден ашык видеокөзөмөл камерасы орнотулат
Кыргызстанда бул жылы «Коопсуз өлкө» тутумунун алкагында 3 миңден ашык видеокөзөмөл камерасы орнотулат. Бул тууралуу маалымат жыйынында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 6-бөлүмүнүн башчысы Руслан Шаршембиев билдирди.