«Азыркы учурда адистер негизги локацияларды видеокөзөмөл менен камсыз кылуу үчүн туристтик аймактарга, анын ичинде тоолуу жерлерге жана Ысык-Көл облусуна деталдуу талдоо жүргүзүп жатышат», — деди ал.
Руслан Шаршембиевдин айтымында, видеокөзөмөл тутумун мындай масштабдуу кеңейтүү Президенттин тапшырмасы менен ишке ашырылууда.
Келечекте өлкөдөгү камералардын жалпы санын 20 миңге чейин жеткирүү пландалууда.
Учурда ИИМдин Ситуациялык борбору аркылуу коомдук жайларда орнотулган 4 миңден ашык камера 24/7 режиминде онлайн иштеп жатат.
ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы Данияр Сапарбаев коопсуздуктун жаңы стандарттары киргизилип жатканын кошту. Алсак, социалдык объекттерди долбоорлоо жана куруу стадиясында ички видеокөзөмөл тутумун түзүү милдеттүү талапка айланды.
Ал объекттерде камералардын болушу эле потенциалдуу тартип бузуучуларга каршы күчтүү эскертүүчү жана алдын алуучу таасир берерин баса белгиледи.
Источник: 24.kg
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий