Ош шаарында салыкты жыйноо 43 пайызга өсүп, кошумча жарым миллиард сом түштү
Ош шаарында жарым жыл ичинде салыктык түшүүлөр 43 пайызга өсүп, жергиликтүү бюджеттин өсүшүнүн негизги бөлүгүн түздү. Бул тууралуу шаардын мэри Жанарбек Акаев салык кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.