Таласта 70 көп батирлүү үйдүн фасады жаңыланууда
Таласта эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата 70 көп батирлүү үйдүн, ошондой эле мамлекеттик мекемелердин имараттарынын фасаддарын оңдоо жана жаңылоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев билдирди.