Анын айтымында, каражат президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнгөн. Эске салсак, фасаддарды жаңылоо боюнча ушундай эле иштер Ош шаарында да жүрүүдө. Ал жакта үстүбүздөгү жылы тургундар менен биргеликте каржылоо программасынын алкагында 70 көп батирлүү үйдүн фасадын оңдоо пландалууда.

Бишкекте фасаддарды оңдоо ШКУнун саммитине жана башка эл аралык иш-чараларга даярдыктын алкагында жүргүзүлүүдө. Ошол эле учурда бул иштер тургундардын бир бөлүгү тарабынан сынга кабылууда: коопсуздук үчүн орнотулган терезе торчолорунун алынышы, ошондой эле айрым имараттардагы муралдардын сырдалып салынышы нааразычылыктарды жаратууда.