Жалал-Абад облусунда 16 жаштагы өспүрүмдү чагылган уруп, аман алды.

Облустук клиникалык ооруканадан 24.kg басылмасына билдиришкендей, өспүрүм денесинин 18 пайызынан күйүк алган. Абалы канааттандырарлык, травматология бөлүмүндө жатат, бардык керектүү дарылоону толук көлөмдө алууда.

Жабыркаган бала Ноокен районунун тургуну болуп саналат, аны жайлоодо чагылган урган.