Кыргызстандык окуучулар Хорватияда математика олимпиадасында 3 коло медаль утту
Хорватиялык жаш таланттуу математиктер ассоциациясы уюштурган эл аралык European Mathematical Cup (Европалык математикалык кубок) олимпиадасында Кыргызстандан катышкан окуучулар үч коло медаль утуп алышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.