Журналист

«Эл арасында Кытайга болгон тышкы карыз өлкөнү Кытайга көз каранды абалга алып келбейби»

, — деген кооптонуулар бар экенин белгиледи.

Бул суроого жооп берип жатып, мамлекет башчысы 2020-жылга чейинки жана азыркы учурдагы карыздар боюнча маалыматтарды келтирди.

«2020-жылга чейин биздин ички жана тышкы карызыбыз 5 миллиард долларды түзүп, анын көлөмү ИДПга карата 70 пайызды түзгөн. Мында тышкы карыз 4 миллиард 217 миллион доллар, ал эми ички карыз 708 миллион доллар болчу. 2026-жылы жалпы карыз 10 миллиард долларды түздү, бирок ошол эле учурда анын көлөмү ИДПга карата 37 пайызды түзүп калды. Тышкы карыз 5 миллиард 200 миллион доллар, ал эми ички карыз 4 миллиард 800 миллион долларды түзүүдө. Бизде тышкы эмес, ички карыз өсүп жатат. Ал баары болуп тышкы карыз 1 гана миллиард долларга өстү», — деди президент.

Ал бул миллиард доллар Кытайдан эмес, башка түрдүү эл аралык финансылык институттардан алынганын, ал эми акыркы беш жылда Кыргызстан Кытайдан бир да тыйын албаганын кошумчалады.

«Кайра тескерисинче, биз 500 миллион доллар карызды жаптык. 2020-жылга чейин биздин «Эксимбанкка» (Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы) 1 миллиард 800 миллион доллар карызыбыз бар болчу. Беш жылдын ичинде биз бул карызды 500 миллионго кыскарттык, азыр банкка 1 миллиард 300 миллион доллар карызбыз. 2035-жылга чейин толугу менен жабабыз», — деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле ал азыр мамлекет өзүн өзү актай турган долбоорлорго — заводдорго, фабрикаларга жана башкаларга кредиттерди алып жатканын белгиледи. Ал «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууну мисалга тартып, долбоор пайдаланууга берилгенден кийин андан түшкөн киреше алынган кредитти жабарын жана мамлекеттик бюджеттен карызды төлөөгө акча сарпталбай турганын айтты.

Ошол эле учурда ал бардык долбоорлор коммерциялык эмес экенин, маселен, кредиттердин болжол менен 15-20 пайызы жол курулушуна жумшаларын белгиледи.

«Биз ИДПнын 70 пайызына чейин кредиттерди алсак болот, бирок андай кылбай жатабыз. Мен карыз ИДПнын 50 пайызынан ашпашы керек деген тапшырма берип жатам», — деп жыйынтыктады мамлекет башчысы.