- Президент Садыр Жапаров дал интервью журналисту Али Токтакунову, в котором рассказал о нарушениях Тенгиза Бөлтүрүка.
- Бөлтүрүк, бывший внешний менеджер Кумтора, обвиняется в закупке дорогой мебели, включая кресло за 6 тысяч долларов.
- Жапаров утверждает, что Бөлтүрүк не предоставил конфиденциальные документы и скрывал информацию.
- Государство вынуждено было скрывать планы по национализации Кумтора, чтобы предотвратить ущерб производству.
- Были задержаны Бөлтүрүк и его подчиненные после подтверждения нарушений Генеральной прокуратурой.
Ал 2020-жылы бийликке келгенден кийин Бөлтүрүк менен биринчи жолу кантип жолугушканын айтып, кенди мамлекеттин колуна алуу пландары менен бөлүшкөнүн айтты.
«Мен Акылбек Жапаровдон Тенгиз Бөлтүрүктү таап берүүсүн сурандым, ал бир жуманын ичинде тапты да, биз жолугуштук. Ошондо биз процесс башталганга чейин документтерди чогултуу үчүн аны Директорлор кеңешине жиберип, ошол жакта иштетип көрүүнү макулдашканбыз. Бирок иштеген убакта ал бир дагы купуя документ алып келген жок, андан бардыгын жашырып жатышканын айтты», — деди президент.
Ошондой эле ал инвесторлор келишимди денонсациялоо процесси башталганга чейин өндүрүштү талкалап салбашы үчүн мамлекет «Кумтөрдү» тартып албай турганын ачык билдирүүгө туура келгенин айтты. Анткени андай учурда ишкананы кайра ишке киргизүү үчүн 300-500 миллион доллар жумшоого туура келмек.
«Биз бул ишти көпкө чейин жашыруун кармадык, бирок маселе парламентте кароо үчүн эки күн калганда маалымат баары бир чыгып кетти. Алар дароо эле ишканадагы маалыматтык системаларга зыян келтире башташты. Биз парламентте бул маселени тез арада карап, тышкы башкаруу киргиздик. Буга чейин эки ай мурун өлкөдөн алтын чыгарууну токтотконбуз, ошонун аркасында бизде 500-600 килограммга жакын алтын калган», — деп эскерет Жапаров.
Андан ары ал Тенгиз Бөлтүрүктүн «Кумтөрдүн» тышкы менеджери катары кетирген мыйзам бузуулары менен бөлүштү. Ал ага алдын ала эскертип, башкаруунун европалык стандарттарынан баш тартууну сунуштаганын, бирок Бөлтүрүк тескери жасаганын белгиледи.
«Мен бул Канада эмес экенин, бул мамлекеттик ишкана экенин жана ал бардыгын, ар бир болтту, ар бир грамм алтынды көзөмөлдөп, уурулукка жол бербеши керектигин айткам. Өзүң да урдаба, башкаларга да жол бербе дедим. Кийинчерээк мага анын демөөрчүлүк катары ар кандай компанияларга, спортчуларга жана башкаларга акча таратып жатканы тууралуу маалыматтар келе баштады. Ошондой эле бүт Кыргызстан солярканы 60 сомдон сатып алып жатса, «Кумтөр» 80 сомдон алып жатканын айта башташты. Башкача айтканда, алар ар бир литринен 20 сомдон пайда көрүп жатышкан. Ал эми бул абдан чоң акча, анткени ай сайын «Кумтөргө» 11 миң тонна солярка сарпталат. Мен ага бул тууралуу да айттым. Бөлтүрүк бул туура эмес маалымат деп билдирди», — деди президент.
Бирок кийинчерээк, мамлекет башчысынын айтымында, Башкы прокуратура мыйзам бузууларды ырастап, Бөлтүрүк өзү гана эмес, анын кол алдындагылар да кармалган.
«Ал ошондой эле эч ким менен макулдашпастан «Кумтөр» үчүн уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсүнүн кеңсесин ижарага алып, ижара акысына дээрлик бир миллион төлөп турган. Жаңы кеңсеге кымбат эмеректерди сатып алган. Мисалы, анын бир креслосу эле 6 миң доллар турган. Андан эмне үчүн мынчалык кымбат кресло алганын, атүгүл президенттин креслосу эң көп дегенде 600 доллар турарын сурашканда, ал бою кичинекей болгондуктан, 600 долларлык креслодон сыйгаланып кетип жатканын айткан. Мына ушундай күлкүлүү жооп», — деди Садыр Жапаров.
Ал кошумчалагандай, Бөлтүрүк аны менен жолугушууда бардык мыйзам бузууларын моюнуна алып, кечирим сураган, бирок мамлекет башчысы анын кечирими Бөлтүрүктү келтирилген зыянды калыбына келтирүүдөн бошотпой турганын айткан.
Эскерте кетсек, акыркы айларда Тенгиз Бөлтүрүк социалдык тармактарда өзүнүн мыйзамсыз соттолгонун билдирген билдирүүлөрдү бат-баттан жарыялай баштаган.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий