Суперкубок үчүн учурдагы өлкө чемпиону — Каракол шаарынан «Барс» футболдук клубу жана 2025-жылкы Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси — Бишкектин «Дордой» клубу күч сынашат. Беттеш саат 20:00дө башталат.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Суперкубогу үчүн беттештер 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. «Дордой» клубу бул байгени 6 жолу жеңип алган.