Фото Интернеттен алынды. Түркиянын өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр
ЖМКнын сүрөтү. Түркиянын өнөр жай жана технология министри Мехмет Фатих Кажыр.
Анын айтымында, космос Түркиянын «Улуттук технологиялык секирик» демилгесинин алкагында эң маанилүү орунду ээлейт. Ал эми космостук жана ага байланыштуу технологиялар, анын ичинде коргонуу өнөр жайы үчүн да стратегиялык маанилүү инфраструктураны түзөт.
Ошондой эле ал Түркия бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашырганын белгилеп, BİLSAT, RASAT, GÖKTÜRK-2, Türksat 6A жана İMECE спутниктеринин аркасында өлкө спутниктик технологиялар тармагында олуттуу технологиялык потенциалга ээ болгонун баса белгиледи.
«Биздин инженерлер, изилдөөчүлөр жана окумуштуулар өзүбүздүн түркиялык ай аппаратын иштеп чыгышууда. Өзүбүздүн гибриддик ракеталык кыймылдаткыч установкабыз менен жабдылган ай аппаратыбыз 2027-жылдын алгачкы айларында космоско жөнөтүлөт. Учуруу ырааттамасы биротоло аныкталды. Бардык сыноолор ийгиликтүү өттү. Түркия бул амбициялуу максатты ишке ашырып, бүгүнкү күндө дүйнөнүн саналуу гана өлкөлөрү ээ болгон технологиялык мүмкүнчүлүктөргө ээ болот деп үмүттөнөбүз», — деди ал.
Мехмет Фатих Кажыр космоско көз карандысыз чыгуу Түркиянын стратегиялык максаты экенин баса белгилеп, өлкөнүн ракеталык технологиялар тармагындагы олуттуу мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп өттү.
Түркиянын пилоттук илимий космостук миссиялары тууралуу айтып жатып, Кажыр бул иш улантыла турганын билдирди. Анын айтымында, алдыдагы мезгилде Түркия жаңы эл аралык космостук станциялардын долбоорлоруна алар үчүн технологиялык компоненттерди иштеп чыккан жана өндүргөн өлкө катары катышууга, ошондой эле бул тармактагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө ниети бар.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий