«Бул, балким менин футболдогу акыркы жылым болсо керек. Мен артымда таасирдүү мурас калтыргым келет. Менин келечегим пландаштырылган. Кылчу иштерим ушунчалык көп болгондуктан, бирин тандоо кыйын. Футболдон кетүү чоң боштук калтырышы мүмкүн ошондуктан, аны бир гана жол менен эмес, ар кандай жолдор менен толтуруу керек. Ошондой эле көбүрөөк көңүл ачуу, көбүрөөк саякаттоо жана өзүмө абдан жаккан падел оюнун ойноо, өзүм жетишкен ийгиликтерден ары да ырахат алуу керек. Анткени, аягында караганда, бул курмандыктарга толгон 25 жыл болду», — деди Криштиану Роналду Vogue берген маегинде.

11-августта Роналду 2016-жылдан бери мамиледе болгон Джорджина Родригеске үйлөндү. Бул убакыт ичинде түгөйлөрдүн Алана Мартина жана Белла Эсмеральда деген эки кызы төрөлгөн. Футболчунун жалпысынан беш баласы бар.

Роналду 41 жашта. Ал «Алтын топтун» беш жолку ээси, Чемпиондор лигасынын беш жолку жеңүүчүсү, Европа чемпиону, УЕФА Улуттар лигасынын эки жолку жеңүүчүсү. Португалиялык футболчу — улуттук курамалар деңгээлиндеги эң жемиштүү футболчу, еврокубоктордо өткөрүлгөн матчтардын саны боюнча рекордсмен, Европа чемпионаттарынын жана Чемпиондор лигасынын тарыхындагы эң мыкты чабуулчу. Ал Англия премьер-лигасында, Испания Примерасында жана Италия Серия Асында сезондун эң мыкты футболчусу жана чабуулчусу катары таанылган.

2022-жылдын декабрында Роналду Сауд Арабиясынын «Аль-Наср» клубу менен келишимге кол койгон. Ал клуб үчүн бардык турнирлерде 142 матч өткөрүп, 123 гол киргизип, 24 натыйжалуу пас берген. 2025-жылдын июнь айында Роналду «Аль-Наср» менен 400 миллион доллардан ашык суммага жаңы келишимге кол койгон. Келишим 2027-жылдын 26-июнуна чейин эсептелген.