- Предлагается создать два новых государственных зоологических заказника общей площадью более 49 тысяч гектаров.
- Заказники 'Жейрен ордосу' в Тонском районе Иссык-Кульской области (16 551 га) и 'Күмүштак' в Бакай-Атинском районе Таласской области (32 521,86 га).
- Статус особо охраняемых природных территорий предлагается присвоить на 25 лет.
- Создание заказников необходимо для снижения антропогенной нагрузки, борьбы с браконьерством и сохранения популяций диких животных, включая джейранов, снежных барсов, архаров.
- В случае принятия документа Минприроды должно в течение шести месяцев разработать положения, охранные обязательства и паспорта заказников.
Кеп Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы «Жейрен ордосу» жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы «Күмүштак» коруктары жөнүндө болуп жатат.
«Жейрен ордосунун» аянты 16 миң 551 гектарды, ал эми «Күмүштактыкы» 32 миң 521,86 гектарды түзөт.
Эки аймакка тең 25 жылдык мөөнөткө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары макамын берүү сунушталууда. Жерлерди башка категорияга которуу каралган эмес.
Токтом долбоорунда белгиленгендей, коруктарды түзүү антропогендик жүктөмдү азайтуу, браконьерликке каршы күрөшүү жана жапайы жаныбарлардын туруктуу популяциясын сактап калуу үчүн зарыл.
Атап айтканда, жаңы корголуучу аймактар жейрен, ак илбирс, аркар жана жапайы жаныбарлардын башка түрлөрүн, ошондой эле жалпы эле биоартүрдүүлүктү сактоого көмөктөшүшү керек.
Эгер документ кабыл алынса, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги алты айдын ичинде эки корук жөнүндө жоболорду, алардын коргоо милдеттенмелерин жана паспортторун иштеп чыгып, бекитиши керек.
Аймактарды кармоо жана пайдалануу үчүн Тоң жана Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациялары жооптуу болушат.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий