Маалыматка ылайык, парламенттин сентябрь айынын алгачкы жумаларына карата ишинин алдын ала графиги түзүлдү.

«Биринчи жыйын 2-сентябрда болот. Андан соң, 9-сентябрда Министрлер кабинетинин айрым мүчөлөрүнүн ант берүү аземи өтөт. Ал эми 17-сентябрда кезектеги жыйында токтом кабыл алабыз», — деп билдирди булак.

Кеп Кыргызстандын Президентин кезектеги шайлоону дайындоо жөнүндөгү Жогорку Кеңештин токтому тууралуу болуп жатат.

Ошентип, президенттик өнөктүктү баштоо маселесин кезексиз эмес, парламенттин 17-сентябрдагы кезектеги жыйынында кароо пландалууда.

Булак бул мөөнөт мыйзамдардын талаптарына толугу менен жооп берерин, ага ылайык Жогорку Кеңеш шайлоону дайындоо жөнүндө чечимди добуш берүү күнүнө чейин төрт айдан кечиктирбей кабыл алышы керектигин белгиледи.

Күн мурун Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 24.kg басылмасына парламентке дал ушул 17-сентябрь күнүн сунуштаганын кабарлаган.