Күбөлөрдүн айтымында, кырсык сутканын караңгы маалында болгон. Алар бул тилкеде жарыктандыруу жетишсиз экенин, ал эми жол техникасында керектүү жарык чагылдыруучу элементтер жана сигналдык чырактар болбогонун ырастоодо.

Кырсыктан кийин жергиликтүү тургундар Транспорт жана коммуникациялар министрлигин, Жол эксплуатациялоо ишканасын (ЖЭИ) жана жооптуу жол кызматтарын оңдолуп жаткан тилкеде кыймыл канчалык коопсуз уюштурулганын текшерүүгө чакырышты. Кеп эскертүүчү белгилер, тосмолор, жарыктандыруу жана жол техникасын белгилөө жөнүндө болууда.

ЖКККББнын Чүй облустук башкармалыгынын расмий маалыматы боюнча, кырсык 26-августта саат 02:10 чамасында болгон. Subaru Outback үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол иштерине байланыштуу өтмөктү тосуп турган КамАЗды сүзгөн.

Жол кырсыгынын кесепетинен 2004-жылы туулган айдоочу жана анын 2004-жылкы же 2003-жылкы эки жүргүнчүсү Кант шаардык ооруканасына кайрылышкан.