- 37-летняя женщина госпитализирована после избиения мужем в Ошской области.
- Инцидент произошел 10 августа, мужчина 48 лет задержан.
- Назначена судебно-медицинская экспертиза для определения тяжести вреда здоровью.
- В Кыргызстане зафиксирован рост случаев домашнего насилия: почти 20 тысяч за прошлый год, рост на 27,5% по сравнению с 2024 годом.
- За первые три месяца текущего года зарегистрировано 6621 случай, что на 44% больше, чем за аналогичный период прошлого года.
Ош облустук ИИБден билдиришкендей, 10-августта аял денесине жаракат алып ооруканага кайрылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, аны 48 жаштагы күйөөсү сабап салган.
Алгач маалымат Кара-Кулжа РИИБде катталып, андан соң окуя алардын аймагында болгондуктан, материалдар Өзгөн РИИБге өткөрүлүп берилген. Эркек милицияга жеткирилди. Аялга алган жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициндик экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы менен чечим кабыл алынат.
Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук учурлары жылдан жылга өсүүдө. Өткөн жылы ИИМ дээрлик 20 миң мындай фактыны каттаган, бул 2024-жылга караганда 27,5 пайызга көп. Ал эми үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында эле 6 миң 621 учур катталып, өткөн жылдын январь-март айларындагы көрсөткүчтөн 44 пайызга көп болгон.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий