- Международный айтыш кыргызских и казахских акынов пройдет 2-4 сентября 2026 года на пастбище Кырчын в Иссык-Кульской области в рамках VI Всемирных игр кочевников.
- Мероприятие направлено на укрепление духовных и культурных связей между кыргызским и казахским народами, прославление искусства акынов и распространение национальных ценностей среди молодежи.
- Призовой фонд айтыша составляет 3 000 000 сомов.
- VI Всемирные игры кочевников пройдут в Кыргызстане с 31 августа по 6 сентября 2026 года.
- Церемония открытия Игр состоится 31 августа в Бишкеке, основные соревнования пройдут в Иссык-Кульской области.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, иш-чара кыргыз жана казак элдеринин кылымдардан бери келе жаткан руханий жана маданий байланышын бекемдөөгө, төкмөлүк өнөрдү даңазалоого жана улуттук баалуулуктарды жаш муундар арасында жайылтууга багытталган.
Эл аралык айтышта Кыргызстандын жана Казакстандын таланттуу төкмө акындары ат салышып, курч сөзү, тапкычтыгы жана импровизациялык чеберчилиги менен өнөр сүйүүчүлөрүнө өз өнөрлөрүн тартуулашат. Акындар комуздун күүсү менен коштолгон айтыш өнөрүнүн салтын улантып, эки элдин тарыхын, достугун, биримдигин жана бүгүнкү күндүн маанилүү темаларын ыр саптарына салышат.
Айтыштын жалпы байге фонду 3 000 000 сомду түзөт.
Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт. Ачылыш аземи 31-августта Бишкек шаарында болуп, ал эми негизги мелдештер Ысык-Көл облусунда өткөрүлөт.
Комментарии
Загрузка…
Оставить комментарий