Жаңы форма жаз, жай, күз жана кыш мезгилдеринде кызмат өтөөгө ылайыкташтырылган. Иштеп чыгууда ыңгайлуулук, ар кандай аба ырайы шарттары жана жол кыймылынын катышуучулары үчүн кызматкерлердин байкалып туруусу эске алынган.

Формага жарык чагылдыруучу белгилер жана элементтер түшүрүлгөн. Алар сутканын караңгы маалында жана көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген шарттарда жол-көзөмөл кызматынын кызматкерлерин жакшыраак көрүүгө мүмкүндүк берет.