Маалыматка ылайык, шаттл-автобустар саат 14:00дөн 16:00гө чейин 21 жөнөө пунктунан чыгат. «Бишкек Аренага» акыркы автобус саат 16:00дө кетет.

Автобустарга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине билети же иш-чарага чакыруусу бар көрүүчүлөр түшө алышат.

Шаттл-автобустар жөнөйт турган даректер:

Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;

Жибек Жолу проспектиси менен Кулиев көчөсүнүн кесилиши (мурдагы Батыш автобекети);

Барпы Алыкулов көчөсү, 32 (Киркомстрой);

А. Токомбаев көчөсү, 3/7 (Асанбай кичи району);

Ак-Кула автобекети — Кожомкул айылы, Фрунзе көчөсү, 13B/1;

Ауэзов көчөсү, 4 (Аламүдүн-1 кичи району);

Тунгуч кичи району, 64/1, акыркы аялдама;

Жибек Жолу проспектиси, 263/2 (мурдагы Чыгыш автобекети);

Иса Ахунбаев жана Достоевский көчөлөрүнүн кесилиши (Көк-Жар конушу);

Байтик айылы, Ала-Арча көчөсү, 1/6 (Глобус);

Эркиндик бульвары, 1/A (Темир жол бекети);

Иманалы Айдарбеков көчөсү, 287 (мурдагы Жаш Гвардия бульвары);

Малдыбаев көчөсү, 275/6 (Жаштар кварталы);

Шабдан Баатыр көчөсү, 52 (азыркы Чүй проспектиси), (ДЭПО-2);

Москва көчөсү, 239, 4-электр автобусунун (ДЭПО-1) акыркы аялдамасы;

Дэн Сяопин проспектиси, 209 (азыркы Чүй проспектиси);

Тимур Фрунзе көчөсү (Айыл чарба институту);

Ала-Тоо көчөсү, 115 (Ала-Тоо конушу);

Ачылыш аземи аяктагандан соң көрүүчүлөр стадионго келген багыты боюнча ошол эле каттам менен жүргөн шаттл-бустарды пайдаланышы керек. Бишкек мэриясы көрүүчүлөрдү акысыз шаттл-транспорттун кызматынан пайдаланууга жана «Бишкек Аренага» өз убагында жетип, салтанаттуу азем башталганга чейин өз орундарын ээлеп калуу үчүн жөнөп кетүү пунктуна алдын ала келүүгө чакырат.