Фото Интернеттен алынды. Асан Жанышов алтын медаль утту

Жанышов 87 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, төрт беттеш өткөрдү. Биринчи кармашында ал мекендеши Азат Салидиновду 4:0 эсебинде жеңсе, андан соң венгриялык Тамаш Леваини (5:2) жана украиналык Ярослав Фильчаковду (4:1) утуп алды. Финалда Жанышов Армения өкүлү Геворг Тадевосян менен кездешип, 6:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Эске салсак, Варшавада Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open 2026 эл аралык турнири өтүүдө. Анда Кыргызстандын намысын грек-рим жана кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командалар коргоп жатат.